Борбор калаадагы Лев Толстой көчөсүнүн 7-Апрель менен Достоевский көчөлөрүнө чейинки бөлүгүндөгү жол оңдоло баштады. Бул туурасында Бишкек мэриясынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Мындан улам аталган аймактагы жол автоунаалар үчүн жабылган. Курулуш иштерин жай мезгилинин аягында бүткөрүү пландалууда. Жалпысынан бир чакырымдан көбүрөөк жерге асфальт төшөлөт.

Андан соң Лев Толстой көчөсү аркылуу шаардын бардык тарабына чыгууга мүмкүнчүлүк түзүлөрү айтылат.

Аталган көчөнүн Садыгалиев менен Алыкулов көчөлөрүндөгү жана 7-Апрель менен Ауэзовго чейинки бөлүгү Кытайдан алынган гранттын негизинде буга чейин оңдолгон. Ал эми 7-Апрель менен Достоевскийге чейин бөлүгү «Бишкек жылуулук тармагы» ишканасынын ири көлөмдөгү реконструкция иштерин жүрүгүзүп жатканына байланыштуу кечиктирилип жаткан.