«Каакымдан шарап» (англ. Dandelion Wine) — Р. Брэдбери

Балалык жана жай тууралуу жагымдуу жана жеңил китеп. Окурманды алыскы балалыкка алып кетүүчү касиетке ээ. Окуп жатканда, каарман аркылуу өзүңдү таанып, анын ар бир сөзүнө, оюна, иш-аракетине макул болуп отурасың. Автор кудум эле сени жазып койгондой. Улам чоңойгон сайын биз күнүмдүк жөнөкөй нерселерге таң калбай деле калабыз… А башкысы ЖАШАП жаткандыгыңды анчейин сезбей да каласың. Дуглас (башкы каарман) “Адамдар өздөрү тирүү экендигин билеби?” деп суроо бергенде, ага жооп бере албашыңды жана буга чейин жашабай эле, жөн гана күн көрүп жүргөнүңдү түшүнөсүң. Маанилүү, майда нерселерге жашынган бакытты байкабай, кайдадыр шашып жөнөй берет эмеспизби…

Кыскача: Китеп он эки жашар бала кантип жайды өткөргөндүгү жөнүндө. Ал кайгылуу да, кубанычтуу да, табышмактуу да, санааркаткан да окуяларга бай, ар бир күнү өзүнчө ачылыш болгон жай жөнүндө. Бул ачылыштардын эң маанилүүлөрү – сен тирүүсүң, дем алуудасың, баарын сезе аласың!


Китептеги негизги ой – жашоонун маңызы анын өзүндө эмес, а андагы ар бир күндө, ар бир көз ирмемде, ар бири өзүнчө баалуу жана кайталангыс.

«Үч жолдош» (англ. Three Comrades) — Э. М. Ремарк

Атмосфералуу, жеңил жана кызыктуу китеп. Китептин негизин жоголгон муун, согуштан кийинки Германия, жумушсуздук, кризис, көтөрүлүштөр, митингдер – жалпысынан оор мезгилдер сүрөттөлсө да, кандайдыр бир позитивдүү жайлуулук таң каларлык сезим тартуулайт. Ошентсе да, дал ушундай жайлуулук ошол кездеги оор учурду чагылдырып турат.

Кыскача: Китеп фронтто таанышып, согуштан кийин автоустаканасында иштеген үч дос жөнүндө. Роберттин (башкы каарман) туулган күнүндө алар Патрица менен таанышып, достук мамиле бара-бара сүйүүгө айланат. Китептин жүрүшүндө окурман үч жолдоштун бекем достугуна жана Роберт менен Паттын сүйүүсүнө күбө болот.


Адамдар бири-бирине жардам берүүгө жана башкаларды куткаруу үчүн баарына даяр экендигин көрсөтүү аркылуу роман достуктун чыныгы баалуулугун ачып берет.

«Элжернон үчүн гүлдөр» (англ. Flowers for Algernon) — Д. Киз

Бардык сезимдерди козгогон бул китептен көздү алуу оор. Ушунчалык кызык болгондуктан, аны окуп бүтүрмөйүн жаап салуу мүмкүн эмес.
Китеп кызыктуу форматта, баш каармандын күндөлүгү сыяктуу жазылган. Мындай ыкма бардык окуяларды башкы каармандын көзү менен көрүүгө, анын сезимдерин кошо сезүүгө, оюн билүүгө жана өсүп, өнүгүп жаткандыгын байкоого жол ачат. Менимче, китептин терең, ачык жана чындыкка дал келишинин себеби ушундай ыкмада  жазылгандыгында. Окурман менен каармандын ортосунда бекем көпүрө пайда кылып турат.

Кыскача: Акылынан артта калган адамдын интеллектин көтөрүү үчүн операция жасалат. Ал генийге айланып, кыска убакыттын ичинде көп нерсени үйрөнүүгө жетишет. Бирок баары бир бактылуу боло албайт.


Китептеги негизги ой – адамдар менен мамиле курууда акылдын болушу же болбошунун маанилүүлүгү.

«Эсте калчу сейил» (англ. A Walk to Remember) — Н. Спаркс

Сүйүү жөнүндө классика. Албетте, кайгылуу. Бирок… Бирок! Сүйүүгө болгон ишенимди жаратып, жылуулук жаратат. Жөн гана автордон цитата келтирейинчи: “Сүйүү узакка чыдамдуу жана боорукер… Сүйүү кызганбайт… Сүйүү бой көтөрбөйт, текерберленбейт… Сүйүү зарданбайт, жаман ойлобойт… Ал пайда издебейт жана оюна келгенин кылбайт… Сүйүү акыйкатсыздык үчүн кубанбайт, бирок чындык үчүн кошо кубанып, жарыкка карай жетелейт… Сүйүү баарын камтыйт жана ар дайым берекелүү…”

Кыскача: Лэндон (башкы каарман) – мектептеги белгиүү жигит жана кыздардын “жүрөк оорусу”. Мектеп спектаклинде ал Джейми менен таанышып, бири-бирине жакындашат. Ал көп убактысын аны менен өткөрө баштайт. Бир күнү бала кыз айыккыс ооруга чалдыкканын билет.


Китеп чыныгы сүйүү адамдарды кантип өзгөртө аларын көрсөтөт.

«Ак кеме» — Ч. Айтматов

Жакшылыкка ишенген, бул дүйнөнүн катаалдыгын кабыл ала албаган бала жөнүндө кайгылуу аңгеме. Балдар эмне жаман, эмне жакшы экендигин так айырмалай аларын көрөбүз. Балдар гана жамандар жазаланышы керектигин билишет. А чоңдор бардык жаман нерселерди да актап алууга жарашат.

Кыскача: Жети жашар бала токойдо жашайт. Таенеси эчак өтүп кеткен. Андыктан, таятасы анын жалгыз жакын адамы эле. Өгөй таенеси, таятасынын кызы Бекей жана анын күйөөсү Орозкул балага кайдигер мамиле жасашат. Анын 2 жомогу боло турган: бирин таятасы айтып берсе, экинчи – өзүнүкү. Ага адамдар өз урпагын улантышы үчүн аларды сактап калган бугу эне жөнүндө уламыш жакчу. Бири күн ал токойдогу маралдарды көрүп, көргөнүн таятасына айтып бермекчи болот. Бирок бир күнү анын аруу дүйнөсү урап, балык болуп сүзүп кетүүнү чечет.


Китепте жакшылык жана жамандык темасы курч коюлган. Бала реалдуу жашоодо айланасындагылардын жамандыгын гана көргөндүктөн, өз фантазиясындагы дүйнөсүндө жашайт.


Булак: kontentchi.com