ИИМ: 27-июнда каза болгон ИИМдин БМЖКККнын башчысы, милициянын подполковниги Запольский Олег Викторовичти акыркы сапарга узатуу иш-чарасы өттү. Бул тууралуу . ИИМдин Басма сөз кызматынан кабарлады.

 Бүгүн, 2020-жылдын 30июнь күнү Кыргыз Республикасынын ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын имаратында Кыргыз Республикасынын ИИМдин жетекчилигинин, кесиптештеринин жана жакындарынын катышуусунда Олег Заполькийди акыркы сапарга узатуу иш-чарасы өттү.

 Аза күтүү иш-чарасында жетекчилери менен кесиптештери Олегди өз кесибинин мыктысы, ага кызматтык зарылчылыктар менен гана эмес, жеке маселелер менен кайрылганда дагы жардамын аябаган адам катары эскеришти. Кызмат өтөө учурунда, өзүн дайыма оң жагынан көрсөтө алган. Акыркы сапарга узатуу аскердик жөрөлгөлөр менен коштолду.

Олег Викторовичти кесиптештери автоматтан асманга ок атуу менен эскеришти. 2020-жылдын 27-июнь күнү Кыргыз Республикасынын ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын начальниги, милициянын подполковниги Запольский Олег Викторович каза болгондугун эске салабыз. Олег Запольский 1981-жылы Фрунзе шаарында туулган. 2014-жылы жеке ок атуучу курал менен сыйланган. 2017-жылы Олег Запольскийге милициянын подполковниги атайын наамы ыйгарылган. 2019-жылдын январь айынан баштап, Кыргыз Республикасынын БМЖКККнын башчысы болуп дайындалган.

Өмүрүнүн бүткүл убактысы кызматына арналып, дайыма бардык күчү менен жоопкерчиликтүү кызмат өтөп келди. Биз аны жакшы сөздөр менен гана эскеребиз. Биздин эсибизде жоопкерчиликтүү, абийирдүү жана өз кесибинин мыкты жетекчиси катары калды. Жакындары менен кошо терең кайгыруу менен аза күтөбүз. Олег Запольскийдин жаркын элеси биздин жүрөгүбүздө түбөлүк сакталат! Ал 39 жашында каза болгон. Анын артында жубайы менен эки баласы калды.