Асел Кадырбекованы сүзүп кеткендер бир айга камалат

Ырчы Асел Кадырбекованын унаасын сүзүп кеткендер Бишкек шаарындагы Травматология жана ортопедия борборунда дарыланууда. Бул тууралуу Бишкек шаардык Ички иштер башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка караганда, жол кырсыгынын күнөөкөрлөрү кароолго алынган.

«Жол кырсыгы реестрге катталып, «Жол коопсуздук эрежелерин бузуу» айыбы менен иш козголду. Шектүүлөргө ооруканада кароол коюлду. Свердлов райондук сотунун чечими менен алар бир айга Тергөө абагына камалат», — деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, кырсык 26-июнда Тыныстанов жана Медеров көчөлөрүнүн кесилишинде катталды. Ырчы Асел Кадырбекова катуу жаракат алып, учурда комада жатат.