Бишкек шаарындагы  2 төрөт үйүндө каза болгон аялдан пневмония аныкталган. Бул тууралуу 24.kg агенттиги, башкы гинеколог Раиса Асылбашеванын билдирүүсүнө  таянуу  менен жазып чыкты. 

Анын айтымында, аял төрөт үйүнүн обсервациялык бөлүмүнө коронавирустук инфекциясынын белгилери, жөтөл жана дене табы көтөрүлгөн абалда келген.

Ал операция жолу менен кош бойлуулуктун 34-35-жумасында (8 айлык) эки эгиз төрөгөн. Ымыркайлар учурда Бишкек шаарындагы №4 төрөт үйүндө. 

«Операциядан кийин анда пневмония күчөп кетти. Биз аны сактап кала алган жокпуз. Ал бешинчи суткада каза болду«, — деген дарыгер.

Акыркы маалыматтар боюнча, өлкөдө 30-июнга карата вирустан   7 адам каза болуп, жалпы каза болгондордун  57ге жетти.