Атамбаевдин үй-бүлө мүчөлөрүнүн, УКМК тергөө камак жайынын кызматкерлери кызмат абалдарын туура эмес аткарганына байланыштуу вирустук инфекция жукту делген билдирүүсү чындыка дал келбестигин билдирет. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирет.

А.Атамбаевдин үй-бүлөөсүнүн бул кайрылуусу менен аны саясий туткун катары көрсөтүп, кылмыштуу аракеттерин жашыруу максатында, атайылап коомчулуктун көңүлүн башка нукка буруп, кылмыш ишин саясий өңүткө бурууга аракет кылып жатышат деп эсептейбиз.

Мурда айтып кеткендей, 2020-жылдын 29-июнунда А.Атамбаев өзүн начар сезип жаткандыгы боюнча карйрылып, буга байланыштуу андан COVID-19 үчүн ПЧР анализ алынган.

Анализдин жыйынтыгы боюнча Атамбаевде коронавирус жок экендиги аныкталган. КР УКМК аскер медициналык кызматынын дарыгерлери тарабынан алдын-ала текшерүүдөн өткөндөн кийин, билдирүүдө айтылгандай ага “Эргеферон” дарысы эмес, вируска каршы антибиотик берилген. Ошондой эле көкүрөк органдарына томография дайындалган.

Ошол эле күнү КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин башкы пульмонологу, профессор Т.Сооронбаев, кардиолог дарыгер, профессор Г.Баитова жана КР УКМК аскер медициналык кызматынын терапевт-врачынын катышуусунда дарыгерлердин онлайн консилиуму өткөзүлүп, жыйынтыгында “өпкөсү эки тарабынан сезгенген” деген диагноз коюлуп, андан улам А.Атамбаевди стационарга которуу чечими кабыл алынган.

Азыркы убакта А.Атамбаев КР Президентинин жана өкмөтүнүн Клиникалык ишин башкаруу ооруканасында стационардык дарыланууда жана ал жерде жактоочулар менен дарыгерлер тоскоолдуксуз жолугушууларды өткөзө алышат.

Мындан тышкары айта кетсек, акыркы жумада Атамбаев бир нече жолу адвокаттар жана туугандары менен, ошондой эле жактоочу З.Жоошев менен жолугушуп, алардан кагаз жана башка буюмдарды алган.

Расмий маалыматтарга караганда, адвокат З.Жоошевден вирустун айрым белгилери байкалып, COVID-19 вирусунун белгилери менен Ысык-Ата аймактык ооруканасында дарыланып жаткан, бирге жашаган апасы менен байланышта болгондугу аныкталган.

Ошол эле учурда УКМК тергөө камак жайы штаттык режимде иштеп жатат. Республикалык штабдын коронавирус боюнча, бет каптарды жана кол каптарды милдеттүү турдө алып жүрүүгө, аралыкты сактоого зарыл болгон бардык талаптарды бекем сактоодо.

УКМК тергөө камак жайынын кызматкерлеринин баары коронавируска анализ тапшырып, жыйынтыгында короновирус инфекциясынын белгилери байкалган жок.