Мындай пикирин «Кыргызстан-Урал» коомдук уюмдун жетекчиси Гүлшан Дөлөнбекова «Бажы биримдигинин эмгек базарын өнүктүрүү» аттуу тегерек столдо билдирди:

«Күнү түнү дебей биринчилерден болуп Россиядан келген мекендештерибиз жазып жатышат. Алар кайрадан Россияга кетүүнү каалашат. Бул жакта иш таптакыр жок экен, ала келген акчаларыбыз дагы түгөндү. Кандай жол менен болбосун кайра кетүүгө жардам бериңизчи деп кайрылып жатышат. Мен аларга Россияга

кетпөөгө кеңеш берип жатам»-деди ал.

Булак: Спутник