Индия  бийлиги кытайдын тиркемелерин колдонууга тыюу салды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

 Анткени тиркеменин жардамы менен кытай программистери колдонгон адамдын жеке идентификациясы тууралуу маалымат алышат. Мындай коркунучтуу делген 59 тиркеменин тизмегин коомчулукка жарыялады. Анын ичине дүйнөдө белгилүү болгон TikTok и WeChat тиркемелери кирген.

Ошону менен бирге, коом көп колдонгон Mobile Legends, UC News, Weibo, QQ Music, Mi Community, Club Factory, Kwai, Baidu map, Clash of Kings сыяктуу да тиркемелер Индиянын аймагында иштебейт.

Мындай тиркемелерди токтотуу боюнча индиянын бийлиги тиркемелер өлкөнүн көз карандысыздыгын, салтын жана мамлекеттик бүтүндүүлүгүнө зыян келтирет. Мындан сырткары, коомдун жүрүм-турумун бузуп мамлекеттин бекемдигин алсыздандырат деп билдирген.