Ирандагы сот бийлигинин расмий өкүлү Голямхосейн Эсмаилинин билдирүүсү боюнча чет элдик чалгындоо кызматтарынан жардам алып келгендеги үчүн жаңылыктар порталынын жетекчиси өлүм жазасына тартылды.
Белгилей кетсек, 2019-жылдын октябрь айында Ислам революциясын коргоочулардын корпусу (Иран куралуу күчтөрүнүн бир бөлүгү) «Амад Ньюз» жаңылыктар порталынын башчысы Рухолла Замдын колго түшкөндүгүн жар салган.
Айрым бир маалымат булактары боюнча Рухолла 2017-жылдын декабрынан тартып 2018-жылдын январына чейинки мезгил аралыгындагы каршылык акцияларын басма сөз беттерине чагылдырып келген.