Расмий Бээжиндин Гонконгдогу улуттук коопсуздук жөнүндө мыйзам долбооруна бут тоскондугу үчүн Кытай АКШга каршы зарыл болгон контрчараларды кабыл алат. Бул тууралуу КЭР Ички иштер министрлигинин өкүлү Чжао Лицзянь билдирүү жасаган.

Белгилей кетсек, аталган мыйзам Кытай парламентинин кароосуна киргизилген күндөн тартып бир катар Европа өлкөлөрү Кытайга карата өз сын-пикирлерин билдирип келсе, расмий Вашингтон Кытайга ар кыл санкцияларды киргизүү менен жооп кайтарууда.

Ал эми АКШ мамкатчысы Майк Помпео буга чейин Гонгконгко жөнөтүлүп келген коргонуу жаатындагы продукциялардын дүйшөмбүдөн тартып токтой тургандыгын айткан.