«Сен билген жоксуң» деп ботодой боздоп бул чыгарманы ийинине жеткире аткарып келген белгилүү ырчы, аткаруучу Болот Тасмаев 49 жашында мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу бүгүн, 30-июнда ырчынын сахналаш достору билдирди.

Маалым болгондой, ырчы көп жылдан бери кант диабети менен ооруп жүргөн. Буга чейин сахнага көп чыкпай калгандыктан, чыгармачыл чөйрөдө лирикалык ырларга басып жасап, сүйүү темасында көп ырларга кайрылган.

Болот Тасмаев Жалал-Абад облусунун Аксы жергесинде туулган. Үй-бүлөсү чыгармачыл чөйрөдөн. Беш бир тууган.