Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алишер Абдрахманов Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген мугалими, педагогика илимдеринин кандидаты, тарыхчы Гапыр Мадаминовду кабыл алды.
Өкүл Мадаминовго Баткенден чыккан мамлекеттик ишмер жана улуу инсан Исхак Раззаков жөнүндө китеп жазганы үчүн терең ыраазычылык билдирип, улуу инсандын басып өткөн жолу келечек муунга мурас, ишмердиги жетекчилерге үлгү экенин белгилеп, авторду “Ардак грамота” менен сыйлады. Бул тууралуу Баткен облустук администрациясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Исхак Раззаковдун 110 жылдыгынын алкагында жарык көргөн “Исхак Раззаковдун инсандык, жетекчилик өзгөчөлүктөрү” деп аталган китепте анын өмүр таржымалы, инсандык асыл сапаттары, жетекчилик жөндөмү, Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөөгө кошкон салымы жөнүндө кеңири жазылып, ар бир адамдын инсандык сапаттарын калыптандырууга, руханий жактан өзгөрүүгө пайдалуу маалыматтар камтылган.
Автор бул китепти 30 жылдык изилдөөсүнүн натыйжасында жазып чыкты. Бул анын экинчи китеби, буга чейин да ал Исхак Раззаковдун 100 жылдыгында да атайын китеп жазган. Бул китептин өзгөчөлүгү тарыхий, архивдик далилдер.

Ал эми Гапыр Мадаминов ыйгарым укуктуу өкүлгө мамлекеттик жооптуу кызматында ийгиликтерди каалап, китебин белекке берди. Китеп 1 миң нускада жарык көрдү.