Ала-Бука районуна караштуу Көк-Таш айыл аймагына жергиликтүү бюджеттен 400 орундуу забанбап маданият үйүн куруу иши башталды.Ага райондук мамлекеттик администрация башчысы Эмилбек Абдыкадыров, райондук маданият бөлүмүнүн башчысы Таалай Жунусов, тиешелүү мекеме уюмдун жетекчилери, айыл аксакалдары, жергиликтүү Кеңештин депутаттары ак баталарын беришип, капсула салышты.

Көк-Таш айыл аймагынын башчысы Рысдавлетов Илясбек Рахманалыевич жаңы салынып жаткан маданият үйү боюнча төмөнкүлөргө токтолду:— «Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды коргоо жылына карата бир топ иштер аткарылууда. Алардын катарына быйылкы жылга бүткөрүлүүчү объекттер да бар.Көк-Таш айылындагы Абдилаким Артыкбаев маданият үйү 1980-1990- жылдар аралыгында элдин демилгеси менен ашар жолунда кам кирпичтен 200 орундуу болуп салынган.

Ал жерде бүгүнкү күнгө чейин кыргыз элине эмгек сиңирген далай маданият өкүлдөрүнүн концерттери өткөн. Тилекке каршы абалы талапка жооп бербегендиктен жергиликтүү бюждеттин эсебинен тендерге 63 миллион 351 мин 831сомго берилип, ага 8 ОсОО катышып анын ичинен мыйзамдуу «Сириус-Строй ЖЧК» 53 миллион 953 мин 209 сомго тендерден утуп, азыркы күндө иш кызуу башталды.

Мадиният үйүнүн биринчи кабатына жаштар үчүн комуз ийрими, машыгуучу зал уюштурулат.Көк-Таш айылында таланттуу, ырга шыктуу чыгармачыл инсандар көп чыккан, алардын бири обончу, аткаруучу Абдилаким Артыкбаев, Түмөнбай Колдошов. Бул эки инсанды кыргыз эли эле эмес коңшу өлкөлөрдүн өнөр жолуна кызыккан бардык инсандары таанышат.Райондун эң алыскы тоолуу айылы болгонуна карабай өзүн-өзү каржылай алган аймактагы маданият үйүн Шераалы Молдобеков жетектеп келет.