Төрөкулов Нурлис Нурмамбетович-Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик боборунун зардалынын өздүк курам менен иштөө боюнча орун басары.

Аталган тармакта 15 жылдан бери кызмат өтөп келем. Мамлектетибизде же белгилүү бир аймагында адамдардын курман болуусу, алардын ден соолугуна же айлана-чөйрөгө зыян келүүсү, олуттуу материалдык чыгымдарга жана адамдардын жашоо шартынын бузулушуна алып келиши мүмкүн болгон же алып келген коркунучтуу жаратылыштык же техногендик кубулуштун, авариянын, табигый же башка кырсыктын, заманбап кыйраткыч каражаттардын тийгизген таасирлеринин натыйжасында болуучу кырдаалдарда эң алгач куткаруучуларга кайрылышат.

 Мен Нурлис Төрөкулов 1988-жылдын 31-июлунда Талас обласына караштуу Талас районунун Жон-Арык айылында төрөлгөм. Үй-бүлөм тууралу айтсам, келинчегим банк тармагында иштейт. Эки балабыз бар, улуу кызым 3-класста окуйт, уулум 5 жашта бала бакчага барат.

 Аскер жашоосу бала кезимде түшүнүк жок эле. Көчөдө дос балдар менен ойноп жүрүп, борбор калаабыз Бишкекте Суворовский деген окуу жай бар ошол жака тапшыралы деп аттандык. Үйдөн атам менен кеңешип, “Эл караган бетимди жер каратпа” деп макулдугун берип 2003-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук лицейине тапшырып, 2006-жылы аяктап, ошол эле жылы Кыргыз Республикасынын аскер институтуна тапшырып 2010-жылы аяктагам.

2010-жылы Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борбордун Издеп-куткаруу кошуундун 7-чи издеп-куткаруу тобунун командири кызматынан тартып, Издеп-куткаруу кошуундун командири кызматына чейин кызмат өтөдүм.

2017-жылы Россия Федерациясынын Жарандык коргоо академиясына өтүп 2019-жылы аяктап, бүгүнкү күндө Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик боборунун зардалынын өздүк курам менен иштөө боюнча оорун басары болуп кызмат өтөп келем.

Куткаруучу болгондон кийин ар кандай кырдаалдар болбосун кызматыбыз гумандуу болгондуктан ким биздин жардамга муктаж болбосун баарына жардам берүүгө даярбыз. Өнөр убакыт менен келет демекчи, кызматыбызда кайгылуу, муңдуу, кубанычтуу күндөр өттү. 10 жыл аралыгында 1000ге жакын өздүк курамга куткаруу ыкмаларын үйрөтүп, аскер жашоо мектеби демекчи балдардын ата-энелери рахматын айтып кеткен күндөр көп болот. “Эки тоо көрүшпөйт, Эки адам көрүшөт” демекчи кызматын аяктап жошоодо жолуккан жоокерлер ыраазычылыгын айткандар да аз эмес. Кызматыбызда чет өлкөлөргө барып куткаруу боюнча мелдештерге катышып, татыктуу оорундарды алып келген күндөр да бар. Казакстанда эл аралык куткаруучулар мелдешине 3 жолу баргам. Жаш куткаруучуларды даярдап Азербайджан Республикасына татыктуу катышып мактоо баракчалары менен келгенбиз. Молдовия Республикасында тактикалык машыгуулар болуп куткаруу ыкмалар менен бөлүшүп, катышуучуларды таң калдырган күндөр да болгон.

Эсте калаарлык күн бул экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюну эртең башталат деп жатканда, Кырчын жайлоосуна боз үйлөр тигилип жети областын, жети ордосу болуп чоң айыл жайгашкан. Кечке маал жамгыр катуу жаап, тоодон түшкөн суулар топтолуп, боз үйлөр тигилген ордолорду каптап жатат деп маалымат түшүп, куткаруучулар өзгөчө кырдал болгон жерге жеткиче балдарды бөлүштүрүп суунун нугун буруп, ордого жеткиче элдер чогулуп калыптыр. Баары дүрбөлөңгө түшүп, боз үйлөрдү чечип башка жерге кайра үйлөрүн тигели деп турушкан экен. Элдин тынчтантып туруусун суранып, эң биринчи жайгашкан боз үйгө өздүк курамды киргизип, тегерете тургузуп, бир, эки, үч көтөр деп, оңго жыл, солго жыл түз деп багыт берип отуруп боз үйлөрдү коопсуз жерлерге койдуруп жатсак элдер “орус улутунда избушка на курьих ножках”, бизде боз үйлөр өздөрү жүгүрүп жүрөт деп күлүп, бизге абдан ыраазы болушкан.

Куткаруучу болгондон кийин бир эле кесип менен чектелип калбаш керек. Себеби кырдаал ар тараптуу болот. Кызматыбызда ар бир куткаруучу биринчи медициналык жардам берүү, альпинизм, суучул, авариялык-куткаруу иштерин жүргүзүүнү, өрт өчүрүүнү билүүсү өтө зарыл. Себеби биздин жумуш кандайдыр бир кайгылуу иштин негизинде болот эмеспи. Мамлекеттик деңгеээлдеги иш чараларга да активдүү катышып келебиз. Улуу Ата-Мекендик согуштун жеңиш күнүнө арналган парадтарга Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жүзү болуп жылда катышып келебиз.

Эскерте кетсек, 1-июль Кыргызстанда куткаруу кызматкерлеринин куну катары белгиленип келет.

КР ӨКМдин Басма сөз кызматы