Ереванда Армениянын мурдагы президенти Роберт Кочаряндын иши боюнча сот отуруму 7-июлга жылдырылды. Белгилей кетсек, тергөө кызматы 2018-жылдын 26-июлунда Кочарянга конституциялык түзүлүштү кулатууга аракет жасоо боюнча айып таккан.

Кочаряндын өзү бул атайы уюштурулган саясий куугунтук деп, сот тарабынан коюлган айыптарды четке кагып келет.

Кочаряндан сырткары ОДКБ башкы катчысы Юрий Хачатуров, Коргоо министрлигинин мурдагы башчысы Сейран Оганян жана Президенттин администрациясынын мурдагы башчысы Армен Геворгян дагы бул иш боюнча сот жообуна тартылаары күтүлүүдө.