Бүгүн, 30-июнда «Манас» аэропортунун аймагында жеңил унаа велосипед тээп бараткан эки жаранды сүзүп кеткен.  Алардын бирөөсү окуя болгон жерде мүрт кеткен. Ал эми экинчиси оор жаракат алып оорууканага жеткирилген. Тилекке каршы, дарыгерлер  анын өмүрүн сактап кала албаганын айтышты. Бул тууралуу Чүй облусунун МАИ кызматкерлери кабарлашты.

Дарыгерлердин айтымында, жабырлануучуну алган жараатынан улам,  каза болгон.

Эске салсак, аэропорттун аймагынан Бишкекти көздөй келе жаткан “Ауди” үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу велосипед тээп бараткан эки кишини сүзгөн. Алдын ала маалыматтар боюнча, унаанын айдоочусу мас абалында болгон. Ал кармалып, учурда тергөө иштери жүрүүдө.