2020-жылдын 30-июнь күнү Жалал-Абад ОИИБдин Экстремизмге, мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматы (ЭММКАК) тарабынан облус аймагында “Нелегал” операциясы өткөрүлдү. Бул операциянын алкагында экстремизм багытында ыкчам-иликтөө жана профилактикалык иштер жүргүзүлүп, буга чейин ачылган сотко чейинки өндүрүш иши соттун кароосуна жиберилди.

2020-жылдын июнь айынын башында Базар-Коргон районунун “И” аттуу тургуну социалдык тармакта элдерге “Хизбут-Тахрир” экстремисттик агымынын идеологиясын үгүттөп жүргөндүгү тууралуу маалымат алынган. Аталган факты Базар-Коргон РИИБдин КЖБРне КРнын Жазык кодексинин 315-беренеси (Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

Аталган сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында Жалал-Абад ОИИБдин ЭММКАК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында Базар-Коргон районунун 2001-ж.т. тургуну Д.И. элдерге “Хизбут-Тахрир” экстремисттик агымынын идеологиясын үгүттөп жаткандыгы аныкталып, анын “Инстаграм” социалдык баракчасынан алынган буюм далилдерге диний-теологиялык экспертиза дайындалган. Экспертизанын жыйынтыгында алынган буюмдар КРнын аймагында тыюу салынган “Хизбут-Тахрир” экстремисттик агымына таандык экендиги аныкталган.

Шектүү Д.И. жасаган кылмыш ишине өкүнүп жаткандыгын ачыктап видео кайрылуу жасаган. Ал “Хизбут-Тахрир” диний-экстремисттик агымынын идеологиясы туура эместигин, мындан ары мындай материалдарды таратпай тургандыгын билдирген.

Бул факты милиция тарабынан толук тергелип бүтүп, “Нелегал” операциясынын алкагында Базар-Коргон райондук сотунун кароосуна бүгүн жөнөтүлдү.

Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы