Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 30-июнда алтынчы чакырлыштагы Жогорку Кеңештин акыркы жыйынына катышты. Анда мамлекет башчысы Жогорку Кеңештин жаңы курамын шайлоо өнөктүгү жакындап келе жатканын, алдыда боло турган шайлоого укук жагынан сапаттуу даярдык көрүлгөнүн баса белгиледи. Анткен менен азыркы парламентке коомчулук арасында ичтери жылыбай тескерисинче нааразы пикирлер, сындар арбын. Kadam-media.kg маалымат порталы ар кайсы тармакта иштеп, Жогорку Кеңештин ишмердүүлүгүнө баам салган, коомчулуктун пикирин билүүгө аракет кылды.

Алтынбек Бектуров, журналист: Эл өкүлү деген аттын кадырын түшүрүп салганы мени өкүндүрөт

-Парламенттин акыркы эле жыйынын алалычы ээ! Бир күндө 65 мыйзамды шуулдатып кабыл алуу бул эмне деген шумдук? Талаштуу манипуляциялоо жөнүндөгү мыйзам эл уйкуга кирген учурда добушка коюлду. Мына жыйынтыгы, миңдеген жаштарды көчөгө алып чыкты. Сабатсыздыкты шүк коелу, бул ансыз да белгилүү. Эң жаман жери, эл өкүлү деген аттын кадырын түшүрүп салышканы мени өкүндүрөт. Бизде Башмыйзамда парламенттик башкаруу деп жазылган. Мына ушул мүмкүнчүлүкту булар пайдалана алышкан жок. Тескерисинче күн карамалык саясаттын туткунунан бошоно албай коюшту.

Замир Казакбаев, журналист: Шайлоого 6 чы чакырылыштын депутаттары барбайт



-Шайлоого 6 чы чакырылыштын депутаттары барбайт. Менин оюмча эл ойгонду. Мурдагы чиновниктер өздөрүнө өздөрү көр казды. Эми мындан ары алардын 80% саясый өлүкө айланышат. Жаңы муун келет. «Таза шайлоо өтсүн» деген президент, дагы деле элди келесоо деп атат же өзү келесоо. Ким ишенет? Шайлоонун кандай нукта өтүшү кимдин колунда экенин эл түшүндү. Алыскыны кой, коңшу мамлекетти кой, мамлекет ичинде аброй топтой албады. Мындай чечкинсиз президенттен барынан жогу! Эл бийликтин күчү кимде экенин шайлоодо көрсөтөт!!!

Азиза Абдурасулова, укук коргоочу: Парламентте мыйзам эмне экенин билбеген депутаттар отурушат

-Мен Кыргызстандын тарыхындагы тунгуч парламенттен азыркы парламенттин тарых таржымалын, алар менен чогуу иштешкен укук коргоочу катары айтат элем. Бул жолку парламент эң начар, начар деп айтууга дагы оозум барбайт. Жаман эле деп ачык эле коркпой айта алам. Арасында элге жан тарткан 4-5 эле депутат болгону болбосо калганы сөзгө чоркок, балык ооз, эч нерсени түшүнбөгөн депутат болушту. Мыйзам эмне экенин билбеген депутаттар отурат. Ушул чакырылыштагы депутаттардын керектүү мыйзамдарды өткөрүп, жарандык коом менен иштекенин такыр көрбөдүм. Же бир мыйзамды алып чыгып, тегерек столдорду өткөргөнүн көргөн жокмун. Өзүбүз мыйзамды талкууга алып, депутаттарды чакыралы десек качып келбей коюшту. Бул жолку парламент такыр иштеген жок.

Мирбек Айтикеев: Эң алсыз, чимкирик парламент бойдон элдин эсинде калды

-Бул жолу парламент менин купулума толгон жок. Эки деген баа берем. Эл оозунда чимкирик парламент бойдон элдин эсинде калды. Өзгөчө таасири жок алсыз Жогорку Кеңеш болду.

Жанар Акаев: Кыргызстандагы заманбап парламентаризмдин тарыхындагы эң эле элге жакпаганы болду, бул чындык

-Түшүнүп турам. Парламентти сындап, ашып барса «-3» деген баага иштегенибизди айтып, өз кесиптештеримдин дарегине сөз ыргытышымды каалап турасыз. Бирок жөн эле хайп кармап, трендге чыгуу — менин максатым эмес. Чындыгында коомчулукта алтынчы чакырылышка карата адилеттүү дооматтар бар.

Биздин чакырылыш — Кыргызстандагы заманбап парламентаризмдин тарыхындагы эң эле элге жакпаганы болду, бул чындык. Бирок кандай болсо да, бул биздин тарыхыбыздагы барак. Тарыхты сындоодон майнап жок. Келечекте каталар кайталанбашы үчүн андан сабак алууга, түшүнүүгө аракет кылыш керек деп эсептейм.

Азыркы чакырылыштагы кайсы бир депутаттар жакпай жатабы? Анда аларды кийинки шайлоодо колдобоңуз. Аларга, алар кошулган партияларга добушуңузду бербеңиз. Ошондо жогорку Кеңештеги талкууларды көрүп отуруп уялгандан кызарбайсыз.

Булак: Кadam-media.kg