“Биздин каарман” рубрикасынын окурмандары үчүн Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигиндеги өзүнүн кесибин сүйгөн, патриот куткаруучулары менен болгон маектерди тартуулап келебиз. Рубрикабыздын бул жолку чыгарылышында «1-июль – Кыргыз Республикасынын куткаруу кызматкерлеринин күнүнө» карата кинолог Замирбек уулу Анарбек мырза болмокчу.

Эң ишеничтүү, достукка бек, асыл тукумдуу иттердин тилин кантип табуу керек жана алардын ишеничине кантип кирүү керектиги тууралуу каарманыбыз менен болгон маектен биле аласыздар.

Биздин каарман 1995-жылы туулган. 5 бир-туугандын улуусу. Билими жогорку. Кесиптештеринин айтымында Анарбек мырза жумушуна так, эч кимдин көңүлүн оорутпаган, кичипейил, өлкө үчүн өмүрүн арнаган мекенчил жигит. Учурда Республикалык Өзгөчө куткаруу отрядынын мобилдик куткаруу отрядында кинология тобунун кинологу болуп эмгектенет. Бул тармакта эмгектенгенине 6 жыл болду.

“Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде жөнөкөй куткаруучу болуп эмгектенип, ит менен итөөгө аябай кызыгып калдым. Кинолог болуш үчүн жөнөкөй иттерден айырмаланган өзгөчө иттер менен иштөө тууралуу алгач, атайын окуулардан өттүм. Ар дайым курстарга барып турабыз. Итти тарбиялоодо жаш баланы тарбиялаган сыяктуу эле өтө кылдаттык мамиле талап кылынат. Аябай тентек, сөздү укпаган, оюнкарак болушат. Мүмкүн болушунчасабырдуу болуубуз зарыл.

  Буга чейин Линда аттуу ит менен иштеп калдым. Линданын акылы айрым адамдардыкына караганда алда канча көбүрөөк сезилчүү. Кырсык катталган учурда адамдарды табууга Линданын салымы зор болгон. Алардын бири 2015-жылы Алай районунда тоолордун арасында кар көчкүдөн жоголгон туристти издөө иштерине Линда дагы тартылып, чоң жардамы тийип, куткаруучулардын ишин жеңилдеткен. Азыр Линда карып, пенцияга кеткендигине байланыштуу башка адамдын колунда.

Учурда мен тарбиялап жаткан немис овчаркасы, каймана аты Каскад. Жашы 2,5да. Жөнөкөй иттерден айырмасы өтө сезимтал, акылдуу, көңүлү назик, адамдардын маанайын көзүнөн карап, билип турат. Үйдө кандай көйгөй болбосун жумушка күлүп-жайнап киришишим абзел. Маанайым жакшы эмес экенин билип калса таарынып, укпай, нары карап жатып алат. Каскад жаш болсо дагы кырсык болгон жерде жоголгон адамдарды издөө иштерине катышып келет. Алардын бири 2020-жылы 14-апрель күнү Ош шаарынын Төлөйкөн айылында жоголгон 24 жаштагы баланы табууга көмөктөшүп, жардамы чоң болгон.

Машыгууга стабильно мынанча саат деп убакыт бөлбөйбүз. Күнбү-түнбү, аба-ырайы кандай экендигине карабастан машыгууну өткөрө беребиз. Себеби кырсык ар кандай учурда, ар кандай шартта болуп калышы толук мүмкүн. Адам баса албаган, бара албаган жерлерге үйрөтүлгөн ит барат. Ошондуктан кызматтык ит дайым даяр болушу шарт.

Күнүмдүк азыгы кадимки биз жеген тамактар сыяктуу эле тузун салып, бышырып, чени менен беребиз.

Мен өзүмдүн ата-энеме, жакын адамдарыма дагы мынчалык көп жакшы сөз айтпайт экенмин, Каскадка күнүгө, саат сайын, керек болсо мүнөт сайын эркелетип, “Азаматсың” деп турам. Антпесем укпай коёт.

Элибизде “Итадамдын досу” деп бекеринен айтылбаптыр. Достукка ушунчалык бекем болушат. Кандай кырдаал болбосун ээсин таштап кетпейт. Мен өзүмдүн бул жумушум менен сыймыктанам.

Учурдан пайдаланып кесиптештеримдин 1-июль – Кыргыз Республикасынын куткаруу кызматкерлеринин күнү менен куттуктап, аларга үй-бүлөлүк бакыт, иштерине ийгиликтерди каалаймын. Эли-жерибизде тынчтык орноп, айттырбай келген кырсыктан алыс бололу.” – деди биздин бүгүнкү каарманыбыз Анарбек Замирбек уулу.

КР ӨКМ Басма сөз кызматы