The Indian Express басылмасынын билдирүүсү боюнча Индия бийлиги тик учактардын жардамы менен чегирткелерге каршы күрөш жүргүзөт.

Социалдык тармактарга жайгаштырылган видеороликтен Уттар-Прадеш штатын миллиондогон чегиртке каптап кеткендигин байкоого болот. Алынган маалыматтарга караганда чегиртке Индияга коңшу Пакистандан учуп келген.

Ал эми «Звезда» телеканалынын билдирүүсү боюнча саранчалардан турган мындай «армия» суткасына 150 км ылдамдык менен жылып, алдынан чыккан индиялык беш штаттын бүтүндөй түшүмүн толугу менен жок кылууга жетишкен.