Пентагон өкүлү Жонатан Хоффмандын билдирүүсү боюнча АКШ Президенти Дональд Трамп 9,5 миң америкалык жоокерлерди Германиядан чыгаруу боюнча планды бекитти.

Анын айтуусу боюнча 29-июнь күнү АКШ Коргоо министри Марк Эспер жана Бириккен штаб начальниктеринин комитетинин төрагасы Марк Милли передислокация планы тууралуу президентке маалымат беришкен.

24-июнь күнү Польша лидери Анжей Дуда менен болгон жолугушуунун жыйынтыгы тууралуу пресс-конференцияда АКШ президенти Дональд Трамп америкалык аскерлерди Германиядан Польшага өткөрүү Россия үчүн «күчтүү белги» болорун айткан.