Кош салмак категориясы боюнча UFC мурдагы чемпиону Конор Макгрегордун өздүк машыктыруучусу Жон Каван MMA Fighting телеканалына берген маегинде мушкердин спортко кайтып келүү тууралуу оюу жок экендигин жар салды.

Алып баруучун Конор пенсияга кеттиби?-деген суроосуна Каван:- «Менин оюмча, кетти окшойт. Эгерде Конорго жакшылап мотивация берсе, ал дагы деле болсо кимди болбосун үстөмөнүнөн түшүрүүгө жарайт. Бирок, мен аны ишендире албай жатам. Ким билет? Эмнеси болсо да, акыркы чечимди ал жеке өзү кабыл алат»,-деген.

Белгилей кетсек, 7-июль күнү Макгрегор өз Twitter баракчасына карьерасын жыйынтыктап жаткандыгы тууралуу билдирүү калтырган. Буга чейин мындай билдирүүлөрдү ал эки жолу жасап, ринг ичиндеги таймаш ага мурдагыдай рахат тартуулабай калгандыгы себеп болгондугун айткан.