Байыртан бери адамзаттын душманы эсептелген, мезгил-мезгили менен калктын санын азайтып турган негизги окуялар: ачарчылык, эпидемия жана согуш. Бирок 20-21-кылымдын илимпоздору арасында ЖЕР планетасы аң-сезимдин жана технологиянын өнүгүшү менен бул көйгөйлөрдөн арылып баратат деген тыянакка келгендери бар.

 Ооба, азыр ачарчылыктан мурдагыдай көп адам кырылбашы мүмкүн, бирок, токчулуктан, туура эмес тамактануудан каза болгондордун саны андан ашып түштү. 2010-жылы ачкадан 1миллион адам көз жумса, ашыкча салмактан 3 миллион адам өлгөнүн Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму билдирген. Ал эми жол кырсыгынан каза болгондордун дүйнөлүк жылдык жалпы санын кошсо согуш учурунда жан бергендердин санынан көбүрөөк чыккан. Демек, ар бир доордун өз көйгөйү бар.

Башка мисал, 2014-жылы Африкадан тараган эбола вирусу көпкө узабай токтолушу, вакцинанын ылдам табылышы медицинанын өнүккөнүнөн кабар берет, андыктан кандай оору болбосун эзелки эпидемиялар(чёрная смерть) сыяктуу элдин көбүн кыра албайт деп ишенген окумуштуулар. Бирок соңку коронавирус учурунда катуу ылдамдыкта иштей алган интернет же нанотехнологиялар да ыкчам жыйынтыкка жеткире албады, байы да кедейи да бир өлкөдө камалып, эч кандай статустар маанига ээ болбой калды.

Демек, жашоо канчалык өзгөрбөсүн же өнүкпөсүн биз эртеңки күнү эмне болору белгисиз болгон, болгону түрдүү жоромолдорду гана жасаган баягы адамбыз… Оорубаңыздар!

Булак: С.Абдинабиеванын баракчасынан алынды