АКШда коронавирустук инфекцияга каршы вакцинанын төрт варианты клиникалык сыноодон өтүүдө. Булардан сырткары, дагы алты вакцина окумуштуулар тарабынан каралууда. Бул тууралуу өлкөнүн Азык-түлүк жана дары-дармектердин сапатын контролдоо боюнча башкармалыгынын башчысы Стивен Хан билдирген.

Үстүбүздөгү жылдын май айында Саламаттык сактоо министрлиги менен Пентагон биргеликте Warp Speed долбоорун ишке киргизишкен. Долбоордун негизги максаты 2021-жылдын январына карата COVID-19га каршы 300 млн. вакцина өндүрүү болуп саналат.

Белгилей кетсек, 29-июнь күнү АКШнын Аллергиялык жана жугуштуу оорулар улуттук институтунун жетекчиси Энтони Фаучи жаңы вакцинанын натыйжалуулугу 70-75% өлчөмүндө болору тууралуу айткан.