Учурда абактарда жаза өтөп жаткан адамдардын арасында коронавирус инфекциясы жуккан учурлар катталган жок. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Ал эми 30-июнга карата ЖАМКтын жалпы 16 кызматкеринен коронавирус аныкталган. Алардын ичинен эки кызматкер ведомстволук ооруканада, бир аскер кызматкери Республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасында дарыланып жатышат.