Тоң районунда 30-июнь күнү Бөкөнбаев айылынын Кум-Дөбө тилкесинде УАЗ үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай, унаа оодарылып кеткен. Бул тууралуу ӨКМдан билдиришти.

Кырсыктын кесепетинен 2 адам (1 аял киши жана 1 жаш бала, аты-жөндөрү такталууда) каза болуп, 2 эркек адам (аты-жөндөрү такталууда) жабыркаган.

Жеринде ӨКМнин куткаруучулары каза болгон жарандардын жансыз денелерин унаадан чыгарышып ИИМнин кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Ал эми жабыркаган жарандарды тез жардам кызматы райондук ооруканага жеткирген.