«Auqalab» жана «Экспресс» жеке лабораторияларына ПЦР жана ИФА тест алууга уруксат берилди. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрнин орун басары Мадамин Каратаев онлай брифингде билдирди. Анын айтымында, тестин баасы – 1600 сомду түзөт.

Буга чейин Мамлекеттик лабораториянын базасында ишке киришкен жеке менчик лабораторияда оорулуулар менен байланышта болбогон, бирок жеке өзү үчүн анализ тапшырууну каалагандар акы төлөп текшерилсе болоору айтылган. Анын баасы 2500 сомду түзгөн.