Шумкар сындуу бийиктикти сүйгөн Шабдан Кыргызстандын эң баалуу мурасы — бабалардан калган касиеттүү Ала-Тоо жергеси. Ар бир элдин жугумдуу насаат сөзү, каада-салты, эмгеги, сулуулугу, эрдиги, тарыхы болот эмеспи. Нечен кылым карыткан кыргыз эли тарыхта салттуу жана татаал жолду басып өттү. Далай эл менен достошуп, нечендеген кошуна мамлекеттер менен байланышып далайлар менен жоолашып, намыс талашып келишкен. Илгертеден элибиз эркек балага жети ата санжырасынан кабар берип таанытып келген. Элдин ар намысын коргоо ар бир уландын, эр азаматтын парзы. Бүгүнкү улан болочоктогу ата, үй-бүлө ээси, балдардын өрнөгү, ата-бабанын салтын улантуучу. Бөрү ата уулду бөркүнөн тааны деп сынчыларга сынаткан. Кыргыз элинде ар бир ата уулун ар кесипке үйрөтүүгө умтулат.

Чыныгы “Кыргызмдын жигиттери” деген атка татыктуу эр жигиттер ИИМдин “Шумкар” атайын багыттагы полкунда кызмат өтөп келишет. Мына ушундай уулдардын бири ички иштер министрлигинин “Шумкар” атайын багыттагы полкунун Балыкчы шаарындагы өзүнчө ротасынын бөлүмчө командири милициянын старшинасы Шабданов Изат Тагыбекович кыргызстандын бермети болгон Ысык-Көл облусуна караштуу Тоң районунун Төрт-күл айылында туулган . Изат да башка балдардай эле кичине кезинде балалык сезим менен кыялдана чоңойгондо аскер кызматкери болууну самап, көчөдөгү балдарды чогултуп аларды тизип алып команда берип өзүн аскер кызматкери катары сезип калчумун деп эскерет.

Шабданов Изат орто мектепти аяктап 2003-жылдын жаз айында колуна аскерге чакруу билетин алат кыялындагы максатына жеткендей, сүйүнүн батына албай кызматка кеткиче шашканын айтат. Ал аскер кызматын тез эле өздөштүрүп бөлүкчө командирине чейин жетип аскердик кызматын аяктайт. үй-бүлөсүн сагынып сагынычты таратып, кайра келип мөөнөтү уланган аскер кызматына контрактын негизинде кызмат өтөөнү улантам деген максатта үйүнө келет. Үйүнө келип ата-энесине жардам берип арадан бир жылдай убакыт тез эле өтүп кетет. Бир күнү үйүнө атасынын бир тууган иниси келип ал райондук милиция бөлүмүнүн кайгуул кызматына жаш кызматкерлерди кабыл алып жатканы тууралу Изатка айтат. Ошондо ал эч кимге айтпастан докметтерин алып барып тапшырып сынактан өтүп кетет. Ошол кезде Изат кубанычына батына албай сүйүнө атасына айтат, анын мындай күтүлбөгөн кубанычтуу кабары ата-энесин сүйүндүрбөй койбойт ошол күндөн тарта Изаттын жакындары анын кесибин сыйлап баардык жактан колдоо көргөзүшүп келет.

 Аскер кызматкери болууну самаган Изат 2006-жылдын тарта ички иштер органдарынын катрында кызмат өтөп келет. Биздин каарман аскер кызматкери болууну самап, бирок милиция кызматкери болуп калганына эч качан өкүнбөйм дейт себеби мен Мекенимдин жарандарынын коопсуздугун сактоодо жана кылмыштуулука каршы күрөшүдө алдыга коюлган тапшырмалырды өз убагында жоопкерчиликтүү жана ыкчам аткарууда ар дайым кызматтык милдеттерди үзгүлтүксүз аткарууга дайармын. Изат кызматтык милдеттерин так аткаруу менен бирге, кызматка жаңы келген жаш кызматкерлерге акыл наасат айтып ар качан аларды колдоп өзүнүн кызматтык тажыйрбасын бөлүшүп келет.

 Шабданов Изат үй-бүлөлү 3 кыздын атасы жашоосунда “Ардайым алдыга деген” чакырык менен кызмат өтөп келет. 2019-жылдын жыйынтыгы менен “Шумкар” атайын багыттагы полкунун мыкты милиционери наамына татыктуу болгон. Биз балалык күндө кайсыл кесиптин ээси болууну каалабайлы негизгиси тандаган кесип биз сүйүп иштеген кесип болсо кызматың ар качан алдыга жылып чоң ийгиликтерди багындырасын.

ИИМдин “Шумкар” АБПнын Басма сөз кызматы