2020-жылы дүйнөдө коронавирус илдетти пайда болуусу менен башка ооруларга карата мамиле  солгундады. Дүйнө илимпоздору көптөгөн эксперттер болгон иш аракетин  COVID-19 белгилерин жана жаңы штаммдарын изилдөөгө жумшоодо.  Ошондой эле кытай вирусуна каршы вакцина иштеп чыгууда, бирок адамдар үчүн дагы көптөгөн коркунуч туудурган,   көптөгөн ооруларды жуктурган чиркейлер  бар.

Чиркейлер аркылуу жугуучу эң кооптуу ооруу — Зика вирусу күч алуу коркунучунда. Мурда курт-кумурскалардан жугуучу илдеттерге каршы күрөшүүгө бир топ акча сарпталчу, бирок коронавирус пандемиясынан кийин алар менен күрөшүү унутта калгандай. Ал эми окумуштуулар АКШ бийлигин, өлкө боюнча жайылып кетиши мүмкүн болгон коркунучтуу чиркейлерден коргонууга чакырык тыштады. Анткени чиркейлер, оорулардын чыгышына алып келиши мүмкүн деп эскертти. Анын кесепетинен, адамдардын өлүмү көбөйөт.

Улуу Британия  АКШ бийлигине коркунучтуу чиркейлерди өлтүрө ала турган чиркейдин башка түрүн сатып алууну эскертишти. Билл Гейтс мындай ойду  колдойт, бирок Америка бийлиги коркунучтуу чиркейлерге каршы күрөшүү үчүн мындай иш-чараларга акча бөлүүгө даяр эмес.