Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров Орусия президенти Владимир Путинди өмүр бою президент кылып шайлоого чакырды. Бул тууралуу Кадыров өзүнүн телеграм каналына жарыялады.

«Мен дайым айтып келем, биз Владимир Путинди өмүр бою президент кылып шайлашыбыз керек. Бүгүнкү күндө аны ким алмаштыра алат? Дүйнөлүк масштабда мындай саясий лидер жок. Биз ушуну менен сыймыктанышыбыз керек», — деген Кадыров.

Буга чейин Кадыров Путинге мураскор издебей, тескерисинче аны иштетиш керек деп айткан. Анын ою боюнча, бул Орусиянын коопсуздугун коркунучтардан коргоого жана эл аралык беделдин өсүшүнө өбөлгө түзөт.