Казакстандын белгилүү дин аалымдарынын бири Сманов Абдугаппар ажы көз жумду. Бул тууралуу казакстандык басылмалар жазып чыгышты. Абдугаппар ажы катуу ооруп 30-июнда ооруканага түшкөн. 1-июлда таңга жуук ооруканадан көз жумду. Маркум эмнеден көз жумганы тууралуу так маалымат айтыла элек.

Абдугаппар Сманов 1970-жылы туулган. Казакстандагы бир катар мечиттерде имам кийин медресе мүдүрү болуп эмгектенген.

Интернетте кыргыз элине болгон урмат сыйын, жетишкендиктерин, дин жаатындагы алгылыктуу иштерин айтып, элди жакшылыкка чакырып, жамандыктан кайтарган баяндарын көп айтчу.