2020-жылдагы туристтик сезонго даярдануу жана өткөрүү маалында коомдук тартипти жана жол кыймылынын коопсуздугун тиешелүү деңгээлде камсыздоо максатында Ички иштер министрлиги тарабынан буюрма чыккан. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Аталган буюрмага ылайык, санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди эске алуу менен биздин өлкөгө келген туристтердин жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо боюнча иш-чаралардын планы бекитилди.Коомдук тартипти жана эс алууга келген чет өлкөлүк туристтер менен жарандардын коопсуздугун камсыздоого тартылган ички иштер органдарынын бөлүктөрүнүн күчтөрү менен каражаттары эсептелип, так уюштуруучулук иш-чаралардын планы иштелип чыкты.

Туристтик сезон маалында коомдук тартипти жана коопсуздукту тиешелүү деңгээлде камсыздоо максатында чет өлкөлүк жарандардын жана эс алууга келген жарандардын кайрылуулары менен арыз-даттанууларын өз убагында чечүү боюнча комплекстүү ыкчам-алдын алуу иш-чаралары жүрүп жатат. Коомдук коопсуздукту камсыздоо үчүн ИИМдин башка бөлүктөрүнөн дагы милиция кызматкерлери тартылды. Ички иштер органдарынын өздүк курамына мыйзамдуулукту жана кызматтык тартипти тыкыр аткаруу, жарандарга, өзгөчө чет өлкөлүк туристтерге карата сылык, маданияттуу, так мамиле кылуу жөнүндө тескемелер өткөрүлдү.

Ошондой эле туристтик маал учурунда туризм өлкөсү катары Кыргыз Республикасынын эл аралык имиджин жакшыртуу, туристтердин коопсуздугун камсыздоо, жаралган көйгөйлөрүн чечүүгө жардам берүү максатында түзүлгөн туристтик милиция взводу дагы тартылды. ИИОнун тартылган күчтөрүнөн, милициянын сырткы кызматтарынын постторунун дислокациясы менен кайгулдоолорунун каттамдары аныкталды.

Андан сырткары, «Кордай-Бишкек ш.», «Манас аэропорту-Бишкек», «Түндүк айланма жолу –Бишкек ш.», «Бишкек – Балыкчы — Чолпон-Ата — Каракол» жолдору боюнча ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын стационардык жана көчмө постторунун жайгаша турган жерлери дагы такталды. Мындан сырткары, Боом капчыгайында жана Төө-Ашуу өтмөгүндөгү Бишкек-Ош унаажолу боюнча күн-түн иштеген посттор, укук бузуулар (жол кырсыгы) жасалган жерлерге ыкчам барып, медициналык жардам көрсөтө турган ӨКМдин куткаруучулары менен тез жардамдардан турган нөөмөт уюштурулду.

Республикада COVID-19 кырдаалына байланыштуу, ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери айдоочуларга жана жүргүнчүлөргө вирустун жайылып кетүүсүнө жол бербөө үчүн жеке гигиеналык жана санитардык эрежелерди сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин дагы жүргүзүшөт.

Туристтик сезондун аягына чейин жол-транспорттук кырсыктарды болтурбоо жана алдын алуу максатында ар убак рейддик иш-чаралар жүргүзүлөт. Жарандардын маалыматтарына жана кайрылууларына ыкчам аракеттенүү үчүн күн-түн 100 кыска номуру менен (0703) 630900 (WhatsApp) телефон номуру иштейт. Абоненттер үчүн чалуу акысыз. ИИМдин ЖКККББнын кызматкерлеринин кызмат өтөөлөрү бекитилген посттордун дислокациясына ылайык патрулдук транспорт менен гана жүргүзүлөт. Патрулдук транспорттордо бөлүктөрдүн ишеним телефондору дагы көрсөтүлгөн (66-23-31 ИИМ; ЖКККББ 63-09-00; 63-09-01). Курорттук маалда туристтердин көп топтолгон жерлеринде ИИОнун тергөө, ыкчам жана башка кызматтарынан кирген ыкчам-тергөө тобу иштеп баштайт.

Андан сырткары, коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоо максатында комплекстүү ыкчам жана алдын алуу иш-чаралары жүргүзүлүп, курорттук аймактарды кайтаруу күчөтүлөт. Жол-транспорттук кырсыктарды алдын алуу боюнча иштер активдештирилет. Курорттук аймактарда коомдук тартипти, туристтердин коопсуздугун сактоо, ошондой эле катталган кырсыктар фактылары ички иштер министрлигинин жетекчилигинин өзгөчө көзөмөлүндө болот.