Жогорку Кеңештин иш башкармалыгынын бөлүм башчысы Базарбай Мусабеков өзүнүн тойканасын коронавируска чалдыккан оорулууларды жаткыруу үчүн убактылуу пайдаланууга берүүгө даяр.  Бул тууралуу Базарбай Мусабеков социалдык тармактагы баракчасына жазды.     

Анын айтымында, ал жерге болгону дарыгерлер керек. 

«Урматтуу туугандар өлкөнү каптаган пандемияга каршы туруу максатында, мамлекетибизде ооруканаларда орун жетишпей жаткан болсо 300 оорундуу «Карагат» тойканасын берүүгө даярмын! Болгону дарыгерлер керек» , — деп жазган  Базарбай Мусабеков. Анын мындай сунушун көпчүлүк колдогон. 

Белгилүү болгондой буга чейин,  Экс-депутат, экс-министр Каныбек Осмоналиев ресторандарды убактылуу ооруканага айландырууга чакырып пост жазган эле.

Ал эми өкмөтүйүндөгү маалыматжыйында,саламаттыкты  сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев коронавирус менен күрөшүүдөгү негизги көйгөй  ооруканаларда орундуктардын жетишпегени экенин айткан. 

Эске салсак бүгүн,1-июлга карата республика боюнча реккордук көрсөткүч, СOVID-19 инфекциясынын жаңы 439 учуру катталды. Муну менен республика боюнча жалпы 5735 учур болду. Каза болгондордун жалпы саны — 62.