АКШ президенти Дональд Трамптын билдирүүсү боюнча коронавирус илдетинин дүйнө жүзүнө таралышы жана жаратып жаткан кесепеттери дүйнө элинин Кытайга карата болгон жек көрүү сезимин күчөтүүдө. Бул тууралуу ал өз Twitter баракчасына жазып калтырган.

«Мына ушул желмогуз оору дүйнө жүзүнө чагылгандай тездик менен тарап, арабыздан асыл адамдарды алып кетип жатканын көргөн сайын Кытайга деген жек көрүүм күндөн-күнгө күч алууда. Мен сезгенди жана билгенди дүйнө эли дагы көрүп билип, сезип жаткандыгын билем», — деп кошумчалаган АКШ президенти.

Белгилей кетсек, АКШ жана бир катар Европа өлкөлөрү коронавирустук пандемиянын пайда болуусуна түздөн-түз Кытай күнөөлүү, ал тургай вирус Кытайдын Ухань шаарында атайылап эле ойлонуп табылган деп эсептешет.