Зордуктоого аракет жасаган деген кине менен америкалык продюсер Харви Вайнштейнди сотко берген аялдар жалпы жолунан 19 млн. доллар өлчөмүндө компенсация алышат. Бул тууралуу Нью-Йорк штатынын башкы прокурору Летиция Жеймс билдирүү жасаган.

Вайнштейн тарабынан кысымга алынып, жыныстык катнашка барууга мажбур болушкан жана Вайнштейнге таандык Weinstein Company продюсердик борбордо иштеген аялдар дал мына ушул өлчөмдөгү суммага ээ болушат.

Буга чейин болжол менен 80 аял Вайнштейнге каршы мына ушундай мүнөздөгү билдирүүлөрдү тараткан. Бул аялардын кимисине компенсация төлөө тууралуу чечим сот тарабынан дайындалган адис тарабынан кабыл алынат.

Белгилей кетсек, продюсер менен болгон чуулгандуу окуя 2017-жылы башталган жана Анджелина Жоли, Гвинет Пэлтроу, Сальма Хайек өңдүү белгилүү актрисалардын берген арызынан кийин окуя коомчулукта резонанс жараткан. Ал эми бир нече аялдын «мени зордуктап салган» деген арызынан кийин 2020-жылы сот Вайнштейнди 23 жылга кесип жиберген.