Майор Нурлан Токсунбаев 1976-жылы 2-декабрында Нарын облусуна караштуу Ат-Башы районунун Ак муз айылында туулган. Майор Н. Токсунбаев өрткө каршы кызматында 1998-жылдан бери иштеп келген. 2018-жылы №8-АӨККБнүн башчысы болуп дайындалып азыркы күнгө чейин иштеп келген.

2020-жылдын 28-июнунда майор Нурлан Токсунбаев каза болду. Бул тууралуу, КР ӨКМдин басма сөз кызматы кабарлады.

Эмгек жолу:

1. 07.1998-ж.- 03.2000-ж. — Бишкек шаардык Өрткө каршы мамлекеттик кызмат бөлүмүнүн №3 аскерлештирилген бөлүгү, Өрт өчүрүүчү;

2. 03.2000-ж. – 02.2003-ж. — Бишкек шаардык Өрткө каршы мамлекеттик кызмат бөлүмүнүн №3 аскерлештирилген бөлүгү, Улук өрт өчүрүүчүсү;

3. 02.2003-ж. – 03.2005-ж. — Бишкек шаардык Өрткө каршы мамлекеттик кызмат бөлүмүнүн №3 аскерлештирилген бөлүгү, Команда башчысы;

4. 03.2005-ж. – 11.2011-ж. — Свердлов райондук Өрткө каршы мамлекеттик кызматынын №3 аскерлештирилген бөлүгү, Кароол башчысы;

5. 11.2011-ж. – 08.2012-ж. — Бишкек шаардык Өрт коопсуздук башкармалыгынын Аскердик техникалык бөлүктүн башчысынын орун басары;

6. 08.2012-ж. – 03.2013-ж. — Бишкек шаардык Өрткө каршы мамлекеттик кызмат башкармалыгынын Свердлов райондук Өрткө каршы мамлекеттик кызмат бөлүмүнүн Өрттү алдын алуу бөлүмчөсүнүн улук инспектору;

7. 03.2013-ж. – 07.2017-ж. — Бишкек шаардык Өрткө каршы мамлекеттик кызмат башкармалыгынын Свердлов райондук Өрткө каршы мамлекеттик кызмат бөлүмүнүн №3 аскерлештирилген өрткө каршы бөлүгүнүн башчысынын орун басары;

2017-жылдан азыркы убакытка чейинки аталган бөлүктүн башчысынын милдетин аткарып келген.

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги майор Нурлан Токсунбаевдин үй-бүлөсүнө көңүл айтып, кайгысын тең бөлүшөт.