Азыркы маалда падемияга байланыштуу коомчулук арасында коронавирус илдети күчөп, дарыканаларда дары-дармектин баасы кымбаттап кеткенин элдер сынга алды. Алардын бири Замирбек Абылаев аттуу фейсбук колдонуучусу дагы бар.

«Кышында 130 сом турган вируска каршы дарылар эмине үчүн 750-800 сом болуп кетти? Монополияга каршы, баа көзөмөлүн жүргүзө турган өкүмөт уюму, өкүмөт өзү кайда? Эмине үчүн чара көрүлбөйт, жэ алардын ал жерде кызыкчылыгы барбы? Жапырт эл кыйнала баштаганда элиңер жөнүндө ойлонуп койсоңор боло, алардын арасында силердин да тууган-уругуңар бар го»,-деди ал.