Эстрада ырчысы Кубик кызы Айперинин тааныштары дагы коронавирустан ооруп, учурда дарыланып жатканын айтты. Анын айтымында, акыркы окуяларга сарасеп салып, төмөнкүдөй пикири менен бөлүшкөн.

«Менин тааныштарымдын көбү ооруп жатат. Кудайым сактасын. Тез жардам келбейт. 118 жооп бербейт. Ооруканаларда орун жок. Катуу оору жүрүп жатат. Этият болуңуздар.
Заманыбыз эмне эле болуп баратат? Жакшы жаңылык качан угабыз ыя? Политикасы дагы тынч болбоду, Эл да ыраазы болбоду, күнүгө ар кандай кабар! Бул күндөр да өтөт деп ниет кылам! Жакшы ниет кылып, үмүт менен жашап туралы! Аллах колдосун»,-деди Айпери Кубик кызы.