Раиса Атамбаева бүгүн, 1-июлда ооруканага кирип, жолдошу Алмазбек Атамбаевди көргөнгө аракет кылган. Бул тууралуу Атамбаевдин тарапташтары фейсбуктагы социалдык тармактагы баракчаларына жазып чыгышты.


Маалыматка ылайык, жолдошу жаткан ооруканага УКМКнын кызматчыларынын коштоосунда кирген. Бирок, аны дарыгер  менен эле жолуктуруп, Атамбаевге жолуктурбай койгон.


Эске салсак, 29-июнда А.Атамбаевге «эки тараптуу пневмония» деген диагноз коюлуп СИЗО-1ден  оорууканага которулган.