Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Боронов Кыргыз Республикасынын салык кызматынын кызматкерлерин кесиптик майрамы – Салык кызматкеринин күнү жана Кыргыз Республикасынын Салык кызматынын түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады.

Куттуктоо тексти:

«Урматтуу Кыргыз Республикасынын салык кызматынын кызматкерлери!

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан бардыгыңыздарды кесиптик майрамыңыздар – Салык кызматкеринин күнү жана Кыргыз Республикасынын Салык кызматынын түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктайм!

Салык кызматынын башкы милдети мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүн камсыздоо болуп саналат. Салык кызматынын кызматкеринин ак ниет, натыйжалуу ишинен жана күч-аракетинен өлкөнү өнүктүрүүгө, жарандардын жашоо деңгээлин жогорулатууга жана инвестициялык климатты жакшыртууга багытталган экономикалык жана социалдык милдеттердин бардык комплексин аткаруу көз каранды.

Азыркы учурда салык кызматында маалыматтык-коммуникациялык технологияларды колдонуу менен инновациялык кызмат көрсөтүүлөр киргизилүүдө. Алар онлайн түрүндөгү салыктык кызмат көрсөтүүлөрдү пайдалануу боюнча салык төлөөчүлөрдүн мүмкүндүктөрүн бир кыйла кеңейтти. Жарандарга электрондук патент, салык кызматынын расмий сайтындагы «Жеке кабинет», салыктык отчетту электрондук түрдө берүү, Call-борбор, www.sti.gov.kg ведомстволук сайты, «бир терезе» принциби боюнча иштеген салык төлөөчүлөрдү сервистик тейлөө борборлору сыяктуу тейлөө кызматтары жеткиликтүү.

Мындан тышкары салык процедураларын фискалдаштыруунун алкагында долбоорлорду ишке ашыруу боюнча масштабдуу иштер жүрүүдө. Бул электрондук эсеп-фактураларын, виртуалдык контролдук-кассалык машиналарды, электрондук товардык транспорттук коштомо кагаздарды пайдалануу, мунайзат продуктуларын автоматтык түрдө каттоо системасын, идентификациялоо каражаттары аркылуу товарларды маркалоо жана башка долбоорлор. Бир катар долбоорлор бүгүн – 2020-жылдын 1-июлунан тартып ишке киргизилип жатат.

Муну менен катар салыктык башкарууну жакшыртуу жана Кыргыз Республикасынын Евразия экономикалык бирлигине кирүү шарттарында салык жыйымдарын толук кандуу чогултууну камсыздоо иштерин улантуу зарыл. Бизнес-коомчулук менен конструктивдүү диалог куруу маселесине өзгөчө көңүл буруу кажет.

Сиздердин кесипкөйлүгүңүздөр, тажрыбаңыздар жана ишке берилгендигиңиздер салык кызматынын алдына коюлган милдеттерди толук кандуу аткарууга мындан ары да шарт түзөрүнө толук ишенем.

Урматтуу салык кызматынын кызматкерлери,

Сиздерге бекем ден соолук, бакыт, бакубатчылык, өлкөнүн өнүгүшү үчүн өтөгөн кызматыңыздарга ийгилик каалайм!».