Республикалык штабдан маалымдагандай, Бишкек шаарынын аймагында төмөнкү иш тартиби орнотулду:

-коомдук транспорт (троллейбустар, автобустар, маршруттук такси): иш күндөрү эртең менен саат 07.00дөн 10.00гө чейин жана кечки 17.00 дөн 21.00гө чейин, ал эми ишемби жана жекшемби күндөрү толук токтотулат;

-кафе, ресторан, коомдук тамактануучу жайларына саат 08.00дөн кечки 20.00гө чейин иштөөгө уруксат берилди;

-супермаркеттер, соода борборлору саат 07.00дөн кечки 19.00 ге чейин иштейт;

-Бишкек шаарындагы базарлар күн сайын саат 06.00дөн баштап кечки 17:00 чейин иштешет.