Бишкекте өзүн-өзү диагностикалоо боюнча 118 колл-борбору ачылды, мында күнү-түнү 40 оператор иштейт. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов билдирди.

«Бишкек шаарында экономикалык ишмердүүлүктү кайра жандандыруу шартында ооруну жугузуп алган жана байланышта болгон жактар көп катталууда. Өзгөчө өз алдынча кайрылуу учурлары көбөйдү, Тез жардам кызматы шаар тургундарынын кайрылууларын кабыл алууга жетишпей, стационарларда койка-орундуктар жетишпей жатат. Мунун баары пандемиянын күчөшү, пневмония жана курч респиратордук инфекция менен ооругандардын санынын өсүшү менен байланыштуу», — деп билдирди борбор калаанын мэри Азиз Суракматов.

Анын айтымында, Премьер-министрдин тапшырмасы менен өзүн-өзү диагностикалоо боюнча 118 жаңы колл-борбору ачылды, ал №2 орто мектебинин базасында ачылган.

«Башка имаратка көчүү колл-борбордун байланыш операторлорунун көбөйүшүнө байланыштуу болду. Бул жерде күнү-түнү 40 медкызматкер-оператор нөөмөттө турат. Колл-борбордун операторлору – дарыгерлер, клиникалык ординаторлор, ыктыярдуу-дарыгерлер болууда. Кеңеш берүүчү операторлор дароо КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин алгоритми боюнча диагнозго жараша кеңири нускама-окуудан өтүп жатат», — деп белгиледи ал.