Мобилдик топтор экспресс-тест жасашпайт жана ПЦР –тестке мазок алышпай турган болду. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов билдирди.

“Саламаттык сактоо министрлигинин 2020-жылдын 28 – июнунда кабыл алынган буйругуна ылайык, мобилдик медициналык топтор кайрылган жарандардын абалын текшерүү жана биринчи диагностика жасоо үчүн келишет. Алар ПЦР-тестке мазок алышпайт жана экспресс-тест жасашпайт”, — деп билдирди Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов.

Анын айтымында, шаар тургундары күнү-түнү Үй-бүлөлүк медициналык борбордун дарыгерлеринен кеңеш ала алышат. Акимчиликтер жана муниципалдык аймактык администрациялар жарандарга үй-бүлөлүк дарыгерден кеңеш алуу үчүн жардам беришүүдө.

«Урматтуу шаардыктар, ар бирибизин ден соолугубуз өз колубузда! Коомдук жайларга барбоону суранабыз! Санитардык жана гигиеналык нормаларды сактаңыздар!», — деп кошумчалады борбор калаанын мэри.