«Карантин тартибин бузгандар боюнча чараларды күчөтөбүз, рейддердин саны да көбөйөт, ал эми айып пулдар, эскертүү чараларын көрбөстөн, дароо салынат», — деп билдирди Бишкектин мэри Азиз Суракматов.

Анын айтымында, мэрия тарабынан райондук администрацияларга, жергилиликтүү аймактык башкаруулардын башчыларына тийиштүү кызматтар менен биргеликте райондордун аймагында күн сайын текшерүүлөрдү өткөрүп туруу тапшырылды. Базарларга, соода борборлоруна, коомдук унаага жана көп адам чогулган жайларга өзгөчө көңүл бурулат.

«Ички иштер башкармалыгы, Шаардык милиция бөлүмдөрү жана участкалык милиционерлер тургундар, райондук активисттер жана бизнестин субъекттери менен санитардык ченемдерди сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүшү керек. Саламаттык сактоо башкармалыгы жана Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору оорунун очокторун аныктоо үчүн мобилдик топтордун ишин күчөтүшү зарыл», — деп кошумчалады ал.