Кытайдын Ухань шаарында коронавирус алгач чыкканда эле биздин айрым депутаттар февраль айында маселе көтөрүп, финансы жана бюджет комитети чукул жыйынга чогулуп республикалык бюджетке өзгөртүү жана толуктоолорду киргизуу менен 30 миллион сом каражат бөлүп берүү чечимин чыгарышкан.

Бул каражат негизинен пандемиянын алдын алууга жана керектүү негизги жабдыктарды сатып алганга бөлүнгөн. Тилекке каршы, финансы министрлиги бул каражатты кармап жатып алып, бюрократиялык тоскоолдуктарды жасап отуруп ал каражатты Саламаттыкты сактоо министрлигине, республикалык штабка кеч которгон.

Мына ушул себептерден улам пандемиянын алдын алууга даярдыктар кеч жүрүп калган. Эми болсо министр Б. Жээнбаева кайрадан жаңы министрлер кабинетине кирип калды. Бул айымдын орду башка жакта эле…