«Бишкек башкы архитектура» муниципалдык ишканасындагы бир кызматкерден коронавирус инфекциясы аныкталды. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, муниципалдык ишкана карантинге жабылып, кызматкерлер онлайн режиминде иштеп жатат.

Ошондой эле мекеменин билдирүүсүндө , 20га жакын кызматкерде жөтөлдүн белгилери байкалууда.