Буга чейин коомчулук арасында “Арбидол” дарысынын кескин кымбаттап кеткенин сынга алышып, мамлекеттик органдар муну көзөмөлгө алуу талабын айтып чыгышкан. Бул маселеге жеке ишкер Каныбек Туманбаев дагы кайдыгер карап тура алган жок. Өз демилгеси менен аталган дары-дармектерди өлкөбүзгө алып келип, дарыканаларда алардын мурунку баасында сатылышын камсыздап берүү аракетин колго алуу аракетин баштады. Жакынкы күндөрү бейтаптар мурунку баада гана алууга мүмкүнчүлүк алышмакчы.

Урматтуу кыргызстандыктар! Дүйнө мамлекеттерин каптап турган COVID-19 пандемиясы сүйүктүү мамлекетибиз Кыргызстанды да өтө оор абалга кептеп отурат. Акыркы бир нече суткадан бери бул илдетке чалдыккан мекендештерибиздин саны улам арбып баратат. Акыркы суткада эле 439 жаңы учурдун катталганы баарыбызды чоочутуп да, кооптонтуп да койду. Ооруканаларда орундардын жетишсиздиги боюнча да түрдүү маалыматтар интернет айдыңында тарап, ансыз да жакшы эмес абалда турган элибиздин эсин чыгарууда.

Мындай учурда такталбаган маалыматтарды таратуу абалды оорлоштурууга гана алып келерин эсибизден чыгарбайлы. Кадырлуу достор! Мындай кыйын кырдаалда биринчи кезекте сабырдуулукту карманалы. Сабырдуулук – оорудан айыгуунун жарым жеңиши. Ашыкча кооптонуу, паникага түшүү — оорунун күчөшүнө гана алып келет. Азыркы тапта интернеттеги социалдык түйүндөрдө бүгүнкү абалга өкмөттү, бийликти гана айыптаган посттор, комментарийлер көп жазылууда. Бирок, бир нерсени эске албай жатабыз.

Дүйнөнүн баардык эле өлкөлөрүндө коронавирус пандемиясы күн санап күч алып турганын дүйнөлүк маалымат булактарынан окуп-билип жатабыз. Бир гана Кыргызстанда ушундай абал эмес. Медицинасы өтө өнүккөн, экономикалык жактан кубаттуу өлкөлөрдө да абал жакшы эмес. Ал жактарда да медицина кызматкерлери оорулуулардын баарына жардам көрсөтүп жетише албай жатат. Коңшулаш мамлекеттерде да абал биздикинен оор. Бирок, алар сабырдуулукту сактап, адамзаттын башына түшкөн оор мүшкүлдү биримдикте, ынтымакта жана медиктердин койгон талаптарын так аткаруу менен жеңүү аракетин көрүүдө.

Келгиле достор, биз дагы күнөлүүлөрдү гана издөө менен алек болуудан оолактап туралы. Азыр биздин алдыбызда жапатырмак аракеттер менен коронавирусту жеңип, оор күндөрдү эртерээк аркага калтыруу максаты болушу керек. Бирибиз «Бишкекке карантип киргизгиле!» деген талап койсок, экинчибиз “Карантинге камап элди кыйнабагыла!” деген талапты айтабыз. Мындай жол биздин жеңишке барчу жолубузду кечеңдетет. Андыктан ар бирибиз коронавирусту жуктуруп алуу коркунучтарынан алыс бололу. Эл көп топтолгон жерлерге барбайлы, бет кап тагыналы, антисептикалык каражаттарды колдонолу, өтө зарыл болбосо көчөгө чыкпайлы.

Бул талаптарды аткаруу ар бирибиздин колубуздан келет. Дары-дармектерди сатуу менен ишкерлик жүргүзгөн жергиликтүү компаниялардын ээлерине да кайрылууга туура келип жатат. Урматтуу бул жааттагы ишкерлер! Элибиз азыр өтө оор күндөрдү башынан кечирип турат. Пандемиянын айынан туруктуу иштеп келген жумуштарынан да ажырап калгандар бар. Коронавирус карапайым жарандардын капчыгын бир топ бошотту. Күнүмдүк азык-түлүккө да акча табуу баш ооруга айланган учур болуп турат.

Мындай кыйын кезеңде дарыканаларда дары-дармектерден баасын 3-4 эсеге чейин көтөрүү — элге жасаган кыянатчылык болуп саналат. Бир эле мисал – “Арбидол” дарысы акыркы саналуу күндөр ичинде эле 250-300 сомдон 800-1000 сомго чейин көтөрүлүп кетти. Мунун себеби ал дарыга болгон суроо-талаптын кескин жогорулап кеткени гана болду. Болбосо, аны сырттан ташып келүүдөгү баа мурунку калыбында гана экенин эл да түшүнүп турат. Элибиздин аргасыздыгынан ашыкча киреше табуудан сиздерди алыс болууга чакырам. “Арбидолдун” баасы кайра мурунку эле баасына кайтарып келиңиздер. Бул сиздердин өз элиңиздерге жасаган камкордугуңуздар болуп калсын.

Элибиздин жашоосуна, көйгөйлөрүнө кайдыгер карабаган жалпы эле ишкер досторго да кайрылып кетким келет. Бүгүнкү кырдаалда биз биргелешип өз мамлекетибизге, элибизге жардамга кол суналы. Жеке ишкер катары мен сиздерге ушул сунушту айткым келет жана биринчилерден болуп элге жардамга кол сунууга даярмын. Дары-дармек ташуу менен ишкерлик жасаган достор менен байланышып, азыркы тапта таңкыстыкты жаратып жаткан, баасы асмандап көтөрүлүп кеткен (“Арбидол” дарысын) дары-дармектерди өлкөбүзгө алып келип, дарыканаларда алардын мурунку баасында сатылышын камсыздап берү аракетин баштадык.

Жакынкы аралыкта жыйынтыгы билинет. Менин бул сунушумду, деги эле карапайым элге кол сунууну туура көргөн бардык ишкерлерди биргелешип өлкө башына түшүп турган оорчулукту жеңилдетүүгө чакырам. Акырында айтаарым, бул апаат оору жергебизден эртерээк кетсин! Үй-бүлө мүчөлөрүбүз, досторубуз, кошуна-колоңдорубуз, деги эле жалпы элибиз бул оорудан аман-эсен, түгөл чыгалы. Бул пандемия дагы бизге берилген сыноо. Ошол сыноодон татыктуу чыгалы. Баарыңыздарга чың ден соолук, узун өмүр жана бакубат жашоо каалайм.Аллах таала колдосун дуа кылалы