Азия өнүктүрүү банкынын (АӨБ) каражаты кайда жумшалган?

311

«Азия өнүктүрүү банкынын 50 млн АКШ доллары өлчөмүндөгү финансылык жардамы бюджетти колдоого берилген, 10-июнда КР ФМ Борбордук казыналыгынын эсептерине түшүп, 3 743,8 млн сом суммасында бюджеттин ресурстук бөлүгүндө чагылдырылган», – деп билдирди КР финансы министри Бактыгуль Жеенбаева.

Анын айтымында, Азия өнүктүрүү банкынын каражаттарынын эсебинен жалпы суммасы 3 743,8 млн сомго социалдык маанилүү чыгымдар каржыланган, анын ичинде:

-эмгек акы төлөөгө багытталган сумма – 2 859 млн сом;

-социалдык муктаждыктарга төгүмдөр үчүн – 362,2 млн сом;

– социалдык жактан камсыз кылуу жана калкка социалдык жардам көрсөтүүгө – 67,6 млн сом;

ММКФга которууга – 455 млн сом.