Бишкекте  БЧК дан эркек кишинин сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, 1-июль күнү болжол менен саат 21.20 чамасында Лумумба көчөсүнүн жанындагы каналдан агып бараткан адамдын сөөгү табылды деген маалымат келип түшкөн.

Окуя болгон жерге барган Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары еврей улутундагы  кишинин сөөгүн алып чыгышты. Сөөктүн өздүгү такталууда ал милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.