Пандемияга карата Жалал-Абад шаарында олуттуу чектөөлөр киргизилди. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

— Кафе, ресторандар, коомдук тамактануучу жайларга 08:00дөн 20:00гө чейин гана иштөөгө уруксат берилет. Чайканалар ачык асман алдында иштөөгө тийиш. Тойканаларда той-аш, эскерүү иш-чараларын өткөрүүгө уруксат жок.

-Ишемби, жекшемби күндөрү коомдук транспорттор убактылуу каттабайт.

-Базарлардын иштөө мөөнөтү 06:00дөн 18:00гө чейин деп чектелди. Кийим-кече саткан ири базарлар ишемби, жекшемби күндөрү жабылып, дезинфекциялоо жүргүзүлөт.

-Парктардагы аттракциондор, футбол аянтчалары, интернет клубдар, түнкү көңүл ачуучу жайлар жана бассейндердин ишмердүүлүгүнө белгисиз мөөнөткө чейин чектөө киргизилди.

Элдин массалык чогулуусуна жол бербөө максатында жума намазын окуу 4-июлдан тартып 18-июлга чейин убактылуу токтотулду. Жогорудагы талаптардын аткарылышын көзөмөлдөө үчүн тынымсыз рейддер өткөрүлүп, мыйзам чегинде чаралар көрүлүп, айып пул салынат.